Дем алыш күндөрүнө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

 21нен 23-июлга чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 4…6° жогору болуп, дыйканчылык аймактарда кургак жана ысык аба ырайы сакталып турат.

Абанын температурасы — Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22°, күндүз 33…38°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18°, күндүз 32…37°, тоо этектеринде түнкүсүн 12…17°, күндүз 28…33°, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 20…25°, күндүз 35…40°, тоо этектеринде түнкүсүн 16…21°, күндүз 33…38°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 14…19°, күндүз 25…30°, Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 12…17°, күндүз 30…35°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 27…32°, тоолуу райондордо түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°, бийик тоолордо түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…180 жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

21-июлда жаан-чачын күтүлбөйт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо күн күркүрөшү күтүлөт.

22-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

23-июлда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ыссык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

24-июлда ала булут каптап турат, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен, күндүз жана 25-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Баткен, Ош облустарында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Бөлүшүү