Депутат Ноокат районундагы бир катар мектептерге компьютер белек кылды

Автор -
397

Депутат Алмазбек Токторов Ноокат районундагы иш сапарынын алкагында Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Көтөрмө жана Ак-Булак айылдарында болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы  билдирди.

Аталган айыл аймагындагы 240 млн. сомдук таза суу долбоорунун жүрүшү менен таанышкан депутат, куруучуларды мыйзамсыз аракеттерден алыс болуп, ишти белгиленген мөөнөттө, сапаттуу бүткөрүүгө чакырды. Жергиликтүү эл менен да жолугушуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайын арабаларды да берди.

Тургундар бир катар социалдык көйгөйлөрүн көтөрүшүп, аларды чечүүгө депутаттан көмөк сурашты. Алсак, саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген   13 жаштагы Байэл Жээнбековдун энеси майып балдарын караган ата-энелердин пенсиясын жогорулатуу өтүнүчүн айтты. Депутат аталган маселе Жогорку Кеңеште да каралып жаткандыгын билдирип, бул жаатта алгылыктуу иштеп жасаларын маалымдады.

Мындан сырткары жолугушууда, жөлөк пул маселеси да айтылып, айлык маянанын аздыгынан мектептерде эркек мугалимдердин аз болуп жаткандыгын да мисал кылышты.

Ошондой эле депутат Саты Токторов, Тайлакбай Темиралиев жана Тажибай атындагы орто мектептерге да барып, компьютерлерди, теннис үстөлдөрү сындуу бир топ спорттук жабдууларды белек кылды.

Бөлүшүү