Депутат:Шек туудурган маалыматтар түшсө, анда стратегиялык объектилерди кезексиз текшерүү керек

Автор -
Сүрөт: knews.kg

Экотехинспекциянын стратегиялык объектилерди Экономика министрлигинин уруксаты менен жылына бир жолу текшерүүгө акысы бар. Эгерде кандайдыр бир өтө шек туудурган маалыматтар түшсө, анда аны кезексиз текшерүүгө укугу болушу керек. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев тармактык комитеттин жыйынында билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош базарындагы жагдайды мисал тартып, мыйзам талабына ылайык, аны текшерүү үчүн 10 күн мурда кабар кылуу керектигин белгиледи.

«Биз ишкерлерге жеӊилдик берели деп жатып, көп нерсени колдон чыгарып коюптурбуз. Албетте, аларга жагымдуу шарттарды түзүп берүү зарыл, бирок ал чеги менен болушу керек. Ал эми Экотехинспекциянын башчысы Канат Муратбеков күз-кыш мезгили башталганда мыйзам текшерүүлөргө жол бербей турганын, анын айынан көп мүчүлүштүктөр кетирилип жатат»,- деп кошумчалады.

Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаев кышындагы аварияга катышы бар айрым жетекчилерге карата жоопкерчилик чаралары көрүлүп жатканын айтып, ага жакында башкы инженер Нургазы Курманбековдун жумуштан бошотулганын мисал тартты.

«Мекемелер аралык комиссиянын текшерүү жыйынтыгы боюнча бир катар жетекчилер кызматтан бошотулуп, бир тобуна катуу сөгүш жарыяланды», — деди ал.

Бөлүшүү