Дональд Трамп Владимир Путинди Вашингтонго чакырды

Автор -

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия лидери Владимир Путинди күзүндө Вашингтонго келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс Twitter баракчасына жазды.

«Президент Путинди чакырууну улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонго тапшырган. Ал чакырууну Орусияга жиберди. Тараптар бул маселени талкуулай башташты», — деп жазды Сандерс.

Трамп күзүндөгү жолугушуу терроризмге каршы күрөшүү, Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу, өзөктүк куралдарды жок кылуу жана Украинада тынчтык орнотуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жардам бере турганын белгиледи.

АКШ президенти жалган маалымат таркаткан ЖМКларды эске албаганда, Хельсинкиде Орусия менен болгон саммит чоң ийгиликке ээ болгонун билдирди.

Мындан тышкары Трамп Кремлдин АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкендиги боюнча орус жарандарын суракка алуудан баш тартты. Хельсинкидеги жолугушуу маалында Путин орусиялыктардын АКШда сурак берүүсүн уюштура ала турганын, бирок ал үчүн Кошмо Штаттар Москвага Hermitage Capital фондунун башчысы жана «Магнитский мыйзамынын» демилгечилеринин бири Уильям Браудердин иши боюнча америкалык чиновниктерди суракка алуу мүмкүндүгүн түзүп бериши керектигин айткан. Ал чиновниктердин арасында АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфолдун ысымы да аталган.

Өткөн жумада Вашингтон орусиялык чалгынчылар делген 12 адамга АКШдагы шайлоого кийлигишүү боюнча айып таккан.

Бөлүшүү