Душанбеде Тегерандын саясатына каршы акция өттү

Автор -

21-майда ондогон адам Ирандын Душанбедеги элчилигинин алдына чогулуп, Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясы менен Иранга каршы ураандарды кыйкырышты.

Күбөлөрдүн айтымдарында, болжол менен жарым саатка созулган акцияга 50дөн ашык киши катышты. Алар колдоруна Ислам кайра жаралуу партиясы менен Иранды сындаган жазууларды кармап алышкан. Чогулгандар Тегеранды Тажикстанда тыюу салынган аталган партияны «колдойт» деп айыпташты.​

Душанбе милициясынан митинг өтүп жаткан жерге дароо ыкчам топ жөнөтүлгөнүн кабарлашты.

«Нааразылык акциясы мыйзамсыз болгондуктан, аларды кууп таркаттык. Катышуучулары кармалып, түшүнүк кат жазып бергенден кийин бошотулду», — деп билдиришти мекемеден.

Учурда уруксат берилбеген митингге чыккандардын ким экени жана акцияны ким уюштурганы белгисиз. Ирандын элчилигинен акция катышуучуларынын алдына чыкпай эле коюуну чечкендиктерин жана митингчилердин эмне максатта мындай кадамдарга барганы белгисиз экенин айтышты.

 

Бөлүшүү