Дыйканчылыктын келечеги кандай болот?

Автор -
566

Жакында эле жарыяланган баяндамага ылайык, 2030-жылга чейин дүйнө жүзүндөгү 800 миллион адам роботторго жумушун тарттырып жиберет. Иликтөөнү McKinsey Global Institute консалтинг компаниясы 46 мамлекетте жүргүзгөн, деп жазат ВВС кыргыз кызматы.

McKinsey компаниясынын айтымында, негизинен азык-түлүк тармагында иштегендер жана ири заводдордо аппараттарды башкаргандар ишинен кол жууп калат.

Автоматташтыруу айыл чарба тармагында кеңири жайылмакчы. Мисалы, PwC компаниясы жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Британияда роботтор жумушка тартылган үчүн 2030-жылга чейин дыйканчылык менен алек болгондор 19 пайызга кыскарат.

Анда «дыйкан роботтор» эгин талаасында адамдын ордун басабы?

«Бир робот жети же он төрт киши аткарган жумушту жалгыз бүтүрөт», – дейт профессор Саймон Пирсон.

Индия калкынын 55 пайызы айыл чарба тармагында эмгектенет. Алардын көбү жакын арада жумушсуз калышы мүмкүн. Бирок өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде автоматташтыруу жайыраак ишке ашаары дагы айтылууда.

Учурда отоо чөптү жулган роботтор пайда болду. Аны тракторго орнотуп койсо болот. Роботтун камералары айдоо талаасын видеого тартып, отоо чөптөрдү аныктап алат. Роботтун калакчалары отоо чөптөрдү тазалап чыгат.

Бирок буга окшош роботтор миңдеген кишилерди жумушсуз калтырышы ыктымал.

«Айрым учурда шашылыш түрдө жумушчулар керек болуп калат. Атайын компанияга чалып, жыйырма жумушчу керек деп айтсак, анча кишини жакын арада чогултуп бере албай калышы мүмкүн. Бул талаадагы отоо чөптөрдү жулуп чыгууга жыйырма адам үч же төрт күн коротот», – деди британиялык дыйкан Уилл Эдвардз.

Роботтор дыйкандын ролун өзгөртөбү?

Азыр чыгарылып жаткан заманбап роботтор дыйкандын ролун таптакыр өзгөртмөкчү. Келечекте дыйкандар талаага деле чыкпай калат.

«Чөнтөк телефонуңузга талааңыздын картасын жүктөп, андагы бир жерди белгилеп койсоңуз, робот сиз айткан жерге барып, талаанып изилдеп, топурактын нымдуулугун, андагы азотту ченейт. Айтоор, дыйканга керектүү маалыматтарды топтоп берет. Ошондой эле түшүмдү да чогултуп бере ала турган робот системалар пайда болушу ыктымал», – деди профессор Саймон Пирсон.

Ошентип жыйырма жылдан кийин дыйкандардын иши кандай болорун элестете бериңиз.

«Дыйкандар дагы санарип технологияга өтөт. Инженерлердин, айыл чарба боюнча окумуштуулардын иши көбөйөт. Экологдор, айлана-чөйрөнү коргогон адистер дагы керек болот. Демек, компьютерди билгендердин, санариптик технологияны түшүнгөндөрдүн иши жүрөт», – деди профессор Саймон Пирсон.

Дүйнөлүк банк 2017-жылы Кыргызстанда калктын дээрлик 30 пайызы айыл чарба тармагында эмгектенерин жарыялаган. Өлкөдө дыйканчылык менен алектенгендер азайып баратканы байкалууда. Мисалы, 2005-жылы калктын 36 пайызы айыл чарба тармагында иш жүргүзгөн.

Бөлүшүү