Эгер Назарбаев шайлоого катышса, Казакстан утушка гана ээ болот

Автор -
219

Казакстандын Маалымат жана коммуникациялар министри Даурен Абаев Нурсултан Назарбаевдин 2020-жылкы президенттик шайлоого талапкер катары катышпай калышы мүмкүндүгү тууралуу казак сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевдин айткандары боюнча пикирин билдирди.

«2020-жылга чейин дагы бир топ убакыт бар. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, шайлоого катышуу-катышпоо чечимин мамлекет башчы өзү кабыл алат. Биз анда ошол мезгилдеги кырдаалга карашыбыз керек болот. Менин оюмча, президент болуп узак жыл иштегенин, саясаттагы, экономикадагы, эл аралык иштердеги тажрыйбасын, эл аралык аброюн эске алсак, анда мамлекет башчынын 2020-жылдагы президенттик шайлоого катышуусу Казакстан үчүн утуш гана болот», — деди Абаев.

Буга чейин Касым-Жомарт Токаев BBCге берген маегинде Назарбаев кийинки президенттик шайлоодо талапкерлигин койбой калышы мүмкүндүгүн айткан.

Өлкөдөгү саясий түзүлүш жана эл аралык уюмдардын Астанага карата айткан сындары боюнча сүйлөгөн Касым-Жомарт Токаевдин HARDtalk берүүсүндөгү маеги BBCнин сайтына 20-июнда чыккан. Анда сенат төрагасы Назарбаев президент болбой калган күндө дагы, баары бир «ички дагы, тышкы дагы саясатка чоң таасир этүүсүн уланта берээрин» айткан.

Бөлүшүү