Эксклюзив: Дүйнөдөгү эӊ күчтүү спортчу аталган Урмат Аматов менен кызыктуу маек

Автор -
0
201

SAAT.KG  маалымат агенттиги сиздерге Кыргызстандын атын бир канча өлкөгө тааныткан, жаш болгонуна карабай дүйнөдөгү эӊ күчтүү спортчулардын рейтингине кирген Урмат Аматов менен кызыктуу маекти сунат.

— Дүйнөдөгү эӊ күчтүү спортчулардын катарына киргенде кандай сезимдерди жашадыӊыз?

-Кандай десем… «Эӊ күчтүүмүнбү?»- деп ойлойт экенсиӊ (күлүп). Башында ишенбей жаткам. Кантип эле ушундай болсун, мен чын эле эӊ күчтүү спортчумунбу деген ойлор болду. Анан мындай жаӊылыкты укканда Кыргызстанды дагы да дүйнөгө тааныткыӊ келет экен. Ушундай чоӊ ишеним көрсөтүлүп жатканда, аны акташ керек деген сезимдер болду.

— Бул рейтингтин тизмесин кандай критерийлерге таянып жарыялашты?

-Быйыл катышкан турнирлерден топтогон упайлардын жыйынтыгында тизмени түзүшкөн. А мен бул жылы өткөн эки Эл аралык күрөш турниринде жеӊишке жеткем, алардын бири Бишкекте өткөн Азия чемпионаты болчу. Мына ошолордун жыйынтыгында көп упай топтоп, ушул наам берилди.

— Дүйнөдөгү эӊ күчтүү спортчулардын рейтинггине кирсем деген кыял болду беле?

-Ооба, негизи жаш кезимен бери эле кыялданып келгем. Мыкты спортчу аталсам, Кыргызстандын желегин желбиретсем деген максатка жетүү үчүн аракет кылып келгем. Бүгүн мына ошонун жемишинин даамын татып отурам. Алдыда дагы да багынтчу ийгиликтер көп, буюрса, эл ишенимин актайм.

— Балачагыӊызды эстеп калдыӊыз. Негизи спорт дүйнөсүнө канча жашыӊызда, ким алып келген эле?

-Күрөшкө 10 жашымда келгем. Менин балачагым өткөн айылда спорттун эки түрү бар болчу: футбол, анан күрөш. А мен футболду жакшы ойной албайм, ошондуктан күрөштү тандагам. Бул спорттун түрүн тандаганга атамдын да салымы чоӊ. Ал өзү спортчу эмес, бирок спортко абдан кызыгат. Анан кичинекей кезимде тентек балдарга кошулуп кетпесин деп күрөшкө берип койгон (күлүп).

— Ар бир эле адамдын өзү ишенген ырымы болот эмеспи. Сиз мелдеште күрөшөр алдында кандай ырымды колдоносуз?

-Спорт дүйнөсүндө ар кандай болуп калат кээде утуласыӊ, кээде утасыӊ. Ошого дайыма дуа кылып чыгам. Бирок, бир адатым же ырымым бар десем болот. Мелдеш башталаарда атандашымын башын кармап коем (күлүп). Анан көбүнчө дал ошол мелдеште атандашымы жеӊем.

— Сиздей токтоо, оор басырыктуу жигиттин жүрөгүн кандай кыз багынта алат?

-Негизи көбү айтат токтоосуӊ деп. Ал эми токтоо жигитке тыӊ кыздар эле түтөтко (күлүп). Эми мага акылдуу, ыймандуу, өзүнө тыӊ кыздар жагат. Анан калганын көрөбүз.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз