Евробиримдик Google корпорациясына 5 миллиард доллар айып салды

Автор -

Еврокомиссия Google корпорациясына шаркеттин антимонополиялык мыйзамдарын бузганы үчүн беш миллиард доллар айып салды.

Еврокомиссия корпорация Android системасы менен иштеген смартфондорго Chrome сыяктуу интернеттеги программаларды жүктөөгө милдеттендирген деген бүтүмгө келген.

Комиссия Google корпорациясынын мындай аракети Chrome менен иштеген башка мобилдик браузерлерди чектеп, жаңы системалардын пайда болушуна тоскоол болгон деп санайт.

Google бул тажрыйбаны 90 күн ичинде токтотушу керек, болбосо компанияга кошумча айып салынат.

Google Еврокомиссиянын бүтүмү туура эмес деп, аны арыздана турганын билдирди. Былтыр корпорация интернетте соода жүргүзүүдө өзүнүн гана программа-агрегатына артыкчылык бергени үчүн 2,4 миллиард доллар айыпка жыгылган.

Бөлүшүү