Футбол-2018: Бразилия чейрек финалга чыкты

Автор -

1/8 финалдык бөлүктө Бразилияга Мексика туш келип, оюн 2:0 эсеби менен Бразилиянын пайдасына жыйынтыкталды. Натыйжада Мексика үчүн чемпионат аяктаса, Бразилия чейрек финалда Бельгия менен Жапониянын кимиси утса, ошол команда менен ойнойт.

1/8 финалдык оюндар 3-июлда жыйынтыкталат. Андан соң калган сегиз команда чейрек финалды ойной башташат. Ушул учурда беш өлкө чейрек финалга жолдомо алды. Алар: Уругвай, Франция, Орусия, Хорватия жана Бразилия командалары.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты быйыл Орусияда өтүп жаткан кези. Мелдештер 15-июлда жыйынтыкталат.

Бөлүшүү