«Гараж 312» түнкү клубунда баңгизат менен кармалгандардын иши сотко өттү

Автор -

Бишкектеги «Гараж 312» түнкү клубунун «баңгизатты мыйзамсыз сатып жүргөн» деген шек менен камакка алынган ээсинин жана кызматкерлеринин иши сотко өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев «Азаттыкка» билдирди.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматы 21-январга караган түнү Бишкектеги «Гараж 312» түнкү клубунда атайын операция жүргүзүп, алты кишини «баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сатып жүргөн» деген шек менен камакка алган. Түнкү клубдун» алып баруучусунан, барменден жана айрым официанттардан тыюу салынган баңгизат алынды» деп кабарланган.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту «Гараж 312» түнкү клубунун ээсин, эки барменди жана алып баруучуну эки айга камакка алууга санкция берген.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси («Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү»), 252 («Баңгизаттарды же психотроптук заттарды колдонуш үчүн көмүскө жайларды уюштуруу») беренелери боюнча иш козголгон. Беш кишиге айып тагылды.

Бөлүшүү