Ички иштер министри бычакталып каза болгон Бурулайдын тергөө ишин өзү көзөмөлдөйт

Автор -
353

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндөгү бычакталып каза болгон кыздын ишин Ички иштер министри Кашкарбек Жунушалиев өз көзөмөлүнө алды.

Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иштери жана райондук милициянын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Жайыл РИИБинин имаратында болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча жана милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөөнүн жүрүшүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз көзөмөлүнө алган.

«Мыйзамды бузган РИИБ кызматкерлерине катуу чара көрүлүп, ички иштер органдарынан бошотууга чейин жаза берилет. Аталган кылмыш иши боюнча кийинки иликтөөнү УКМКнын Жайыл райондук башкармалы жүргүзөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 27-майда 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында алып качкан 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө кызды бычактап, кийин өзүнө да кол салган.

Бул окуяга БУУ кыз ала качууга жол бербеш үчүн тийиштүү чараларды көрүүгө чакырган.

 

Бөлүшүү