III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кирүү билеттери сатыла баштады

Автор -
396

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу уюштуруучулар бирдирет.

Маалыматка ылайык, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун билеттерин Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларындагы Кыргыз почтасынын бөлүмдөрүнөн сатып алса болот. Ошондой эле билеттерди Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий тиркемеси аркылуу алууга болот.

“Кирүү билеттери ар бир адамга өзүнө гана таандык QR-коду менен айрыкча тактыкта басылган. Билеттерде жеке жактардын жеке белгилери шифр менен жазылган. Анда жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, сүрөтү, паспорттук реквизиттери жана башка белгилер бар. Билетти башка жактарга берүү жана басылган QR-кодду бузууга катуу тыюу салынат. Жогорудагы көрсөтүлгөн эрежелерди сакталбаса чыгымын ордуна келтирбестен билетти жокко чыгарууга алып келет”, — деп жазылат маалыматта.

Уюштуруучулардын айтымында ачылыш аземине кирүү билеттери 400 сомдон 4 900 сомго чейин, ал эми жабылыш аземиники 350 сомдон 3800 сомго чейин болмокчу.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи 2018-жылдын 2-сентябрында саат 20:00дө. Жабылыш аземи 2018-жылдын 8-сентябрында саат 20:00дө орун алат.

Бөлүшүү