III ДКОну өткөрүүдө «Turkish Airlines» катышуучулар үчүн авиабилеттерди арзан баада сатат

Автор -
286

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-июнда, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уюштуруу, объектилердин курулушу, коопсуздукту камсыздоо жана демөөрчүлүк каражаттарды тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.

«Жакында ири түрк компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Turkish Airlines» ири авиакомпаниясы көчмөндөр оюндары тууралуу роликтерди көрсөтүүнү, авиабилеттерде жана учактардын бортторунда логотиптерди жайгаштырууну ишке ашырып, ошондой эле корпоративдик журналында макаланы жайгаштырышат. Ошентип, биз кошумча дагы авиакомпаниянын жүргүнчүлөрү болгон беш миллионго жакын адамды камтый алабыз. Анын менен бирге авиакомпания демөөрчүлүк көмөк көрсөтүп, спорттук мелдештерге катышуучулар үчүн авиабилеттерге кыйла арзандатууларды жасашат», — деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бардык уюштуруу маселелерин белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды.

«Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери тендердик процедураларды өткөрүүнү тездетүүлөрү зарыл. Бюджеттик каражаттарды мыйзам чегинде жана ачык-айкын сарптоо кажет. Ар бир кетирилген кемчилдиги жана аягына чейин чыкпоолору үчүн министрликтердин жана ведомстволордун башчылары жеке жоопкерчилик алышат», — деп баса белгиледи ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев алдыдагы оюндарды эң жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

«Быйылкы жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына бир катар мамлекет башчылардын, эл аралык спорттук уюмдардын жана маданий мекемелердин жетекчилеринин, ошондой эле бир нече миңдеген катышуучулардын катышуусу күтүлүүдө», — деди Өкмөт башчы жана маморгандардын жетекчилерин алдыдагы оюндарды өткөрүүгө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

 

Бөлүшүү