ИИМ: Жыл башынан бери 1580  жол кырсыгы катталып, 2261 адам жабыркаган

Автор -

2018-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстандын аймагында 1580 жол кырсыгы катталып, анын 331 учурунда балдар да аралашкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, авто авариялардан 167 адам каза болсо, анын 20сы балдар болду. Ал эми жол кырсыктарынан жалпы 2261 адам жабыркаса, алардын 360ын жашы жете электер түзгөн.

«Жол эрежелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу өкмөттүн токтомунда Кыргызстанда акыркы беш жылда балдар кабылган 7 миңден ашуун жол кырсыгы катталганы айтылган. Анда жалпы натыйжада 582 бала каза болгон. Андан бери дагы 8 294 бала ар кандай жараат алган»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү