ИИМдин кызматкери $4 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды (Видео)

Автор -
Ички иштер органынын кызматкери  пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында  экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдирди.

«Ички иштер органынын кызматкери  маселени оң жагынан  чечүү үчүн  $4 миң доллар пара талап кылган. Бул боюнча Башкы прокуратура 313-берененин 2-пункту (пара алуу) боюнча кылмыш ишин козгоду»,-деп айтылат маалыматта.

Ал эми 270 миң пара берген жаранды Биринчи Май райондук соту иш тергелип бүткөнгө чейин камакка алды.

Бөлүшүү