Импорттолгон автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү

Автор -

Кыргыз Республикасында физикалык жактар аркылуу ташылып келинген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, деп билдирет өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Аталган чечим ашыкча эскирген автотранспорт каражаттарын азайтуу жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын аймагына электр, гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарын ташып киргизүүсүнө дем берүү, ошондой эле өлкөнүн автоунаа паркынын эскиришинин алдын алуу боюнча ыкчам чара көрүүгө багытталган.

Атап айтканда, Өкмөттүн токтому аркылуу бензин жана дизелдик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарына карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасынын өлчөмү 2014-жылкы коюмдардын деңгээлине дейре төмөндөтүлөт.

Мындан тышкары, гибриддик кыймылдаткычтуу унаа транспорттук каражаттарга 1 куб.см үчүн 0,5 доллардан 0,6 АКШ долларына дейре өлчөмдө бажы алымдарынын жана салыгынын өбөлгөлөөчү коюмдары киргизилет.

Электромобилдерге карата бажы алымдарынын жана салыгынын нөлдүк коюму киргизилмекчи.

Белгилесек, аталган токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөн соң күчүнө кирет жана 2019-жылдын 31-декабрына дейре иштейт.

Бөлүшүү