Июль айында жаратылыш газы үчүн жарандар канча төлөй турганы маалым болду

Автор -
0

Июль айында газдын бир метр кубу 14, 3 сомду түзөт. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандыктар үчүн жаратылыш газынын 2018-жылдын июль айына болгон тарифи – 1м3 үчүн 14,31027 сомду, ал эми өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн бардык салыктары менен 1 м3 үчүн 17,55485 сомду, сатуудан алынган салыкты1 эске албаганда 1 м3 үчүн 17,39950 сомду түздү.

Өткөн айда калк үчүн газдын 1 м3 баасы — 14,34980 сомду, ал эми өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн  — 17,59953 сомду түзгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз