Көпчүлүк коалициясы баш прокурорлукка Жамшитовдун талапкерлигин жактырды

Автор -
0

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясы башкы прокурор кызматына президент сунуштаган Өткүрбек Жамшитбековдун талапкерлигин карап бир добуштан жактырды.

Буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети да анын талапкерлигин бир добуштан колдогон. Эми эртең бул маселе парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы.
 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз