Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды (Фото)

Автор -
213

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын ага инспектору, милициянын лейтенанты Мыктыбек Турдубеков билдирди.

«21-июнь күнү  саат 16:30 чамасында Ноокен районунун Шайдан айыл аймагына караштуу Шайдан айылында мага бейтааныш болгон эки үч бала мени эч бир себепсиз эле оозго алгыз сөздөр менен сөгүп, уруп, тепкилешип, ден-соолугума зыян келтирди»- деген арызы менен Ноокен районунун тургуну 1986-ж.т. А.С. кайрылган.

Жабырлануучу Ноокен райондук ооруканага жаткырылып, дарыгерлер тарабынан тез аранын ичинде операция жасалып, анын бооруна өтө оор жараат келгендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча НоокенРИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 104-беренесинин 2-б. негизинде 21.06.2018-жылы кылмыш иши козголгон.

Жогоруда аталган кылмыш иши боюнча,    Ноокен РИИБдин КМКты (Криминалдык милиция кызматы) тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну ИИМде мыйзамдагы ууру (Вор) К.Кольбаевдин  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1988-ж.т. Т.Э. шектүү катары кармалып, Ноокен РИИБдин УКТЖна КРнын ЖПКнин 94-беренесинин негизинде киргизилип,  Ноокен райондук соту тарабынан 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган.

Азыркы кундө Э. Ташматовдун кылмыштуу шериктерин аныктоо максатында Ноокен РИИБдин КМКты тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.
1 жума ичинде эле облус аймагында оор кылмыштарга тиешеси бар 4 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана катыштыгы бар адамдар кармалды.

 

Бөлүшүү