Казакстандын тышкы карызы кыскарууда

Автор -

2018-жылдын 1-апрелине карата Казакстандын тышкы карызы 166,6 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкы билдирди.

Расмий маалымат боюнча өлкөнүн тышкы карызы бир жыл ичинде 0,8 миллиард долларга азайган. Ал эми тышкы карыздын көлөмү ИДӨнүн 102,2 пайызын түзөт.

Тышкы карыздын көбү — 63% фирма аралык береселерге тиешелүү.

26% — насыячылар алдындагы «башка секторлордун» бересеси, 8% — мамлекеттин тышкы карызы, 4% — банк секторлорунун тышкы милдеттенмелери.

2017-жылы Улуттук банктын төрагасы Данияр Акышев тышкы карыздын көлөмү 167,9 млрд. доллар экенин билдирген.

Бөлүшүү