Келдибаев: Сапар Исаков элдин башын айландырып жатат

Автор -
288

Бүгүн парламент жыйынында депутат Сагындык Келдибаев ЖЭБке алынган насыя эмне максатта алынганына кызыкты.

«Сиздер насыя алып жатканда эмне смета эмне максатта түзүлгөн? ЖЭБти модернизациялоо үчүнбү же жаӊы ЖЭБ куруугабы? Эмнеге анан кырсык болду? »,- деп сурады Келдибаев.

Буга Сапар Исаков: «Насыяны жаӊы ЖЭБти модернизациялоо деп алганбыз. Бирок ичин карап көрсөӊүз бардык жабдуулар жаӊыдан коюлган. Кырсык модернизация болбогон ЖЭБте болду. Аны жаӊылаш үчүн 386 млн доллар аздык кылмак»-деп жооп кылды.

Анда депутат Келдибаев: «Сиздин оюӊузга кошулбайм. Сметага жараша иш кылганыӊыздарда азыркы чыр болмок эмес. Элдин башын айландырып жаӊы ЖЭБ эски дебей насыяны туура пайдаланышыӊыздар керек эле»-деди.

Сапар Исаков депутатка: «Элдин башын  эч ким айландырбай эле. Учурда ЖЭБтин бир бөлүгү модернизация болгон болсо бир бөлүгү эски. Кырсык эски ЖЭБте болду. Эгерде жаӊы ЖЭБте кырсык болсо анда Бишкек чоӊ көйгөйдү жашамак»,-деп жооп берди.

Бөлүшүү