Кемин тозотунан мамлекеттик чек ара режимин бузган 2 чет элдик жаран кармалды

Автор -
387

Мамлекеттик чек ара режимин бузган 2 чет элдик жаран кармалды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Коомчулук жана ЖМКлар менен байланышуу бөлүмүнүн маалыматтына ылайык, 21-июнда Чүй облусунун Озерное аймагында «Кемин» тозотунда турган чек арачылар мамлекеттик чек ара режимин бузган эки чет өлкөлүк жаранды кармаганы айтылат.

«Алар 1993-жылы туулган Улуу Британия жана Малазия жарандары. Аталган жарандар Өкмөттүн «Чек ара аймагында жүрүү эрежелери тууралуу» токтомун бузушкан. Тактап айтканда, аталган аймакта жүрүүгө уруксаат берген документтери жок болгон. Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске ылайык, кармалгандардын ар бири  3 миң сом айып пулга жыгылды»,-деп айтылат маалыматта.

 

Бөлүшүү