ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Автор -
276

27-майда күндүз, 28-майда жана 29-майда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт: 27-майда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы. 28-майда жана 29-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-майда күндүз жана 28-майда 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

28-майда күндүз жана 29-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп: 28-майда күндүз Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 16…21°, тоо этектеринде 14…19°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 12…17°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

29-майда түнкүсүн абанын температурасы Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 3…8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, тоолуу райондордо 0…-5°, бийик тоолуу райондордо     -5…-10° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 28-31-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жала-Абад жана Баткен областарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бөлүшүү