Өкмөт башчы Баткенге барып, сел жүргөн аймактардын абалы менен таанышат

Автор -

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-июнда, эки күндүк жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы сел жүргөн Лейлек районунун Чимген жана Катран айылдарына, Баткен районунун Кара-Бак айылына барат, ошондой эле турак үйлөрдүн жана көпүрөлөрдүн абалы менен таанышат.

Мындан тышкары Премьер-министр Исфана-Кайрагач унаа жолунун Сүлүктү шаарындагы Кызыл-Бел тилкесинин жана Кулунду-Батыш тилкесиндеги көпүрөнүн курулушунун абалы менен таанышып чыгат.

Сапардын жүрүшүңдө Мухаммедкалый Абылгазиев Кайрагач тилкесиндеги жана Лейлек районунун Кулунду айылында жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышмакчы.

Ошондой эле чектеш Максат айылынын жашоочулары менен жолугушуусу пландалууда.

Жумушчу сапарынын соңунда Премьер-министр Баткен шаарында бир катар социалдык объектилердин жана кайра иштетүү ишканаларынын абалы менен таанышат.

Бөлүшүү