Өкмөт башчы Лейлек районундагы сел кесепеттерин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Автор -
246

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-майда, тийиштүү маамлекеттик органдардын жетекчилери менен Баткен облусунун Лейлек районундагы сел кесепеттерин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчыга жабыркаган турак-жайларды, социалдык объектилерди жана чарбалык маанидеги имараттарды калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун маалыматына ылайык, Лейлек районунун беш калктуу пунктунда 11 турак-жай жана 14 социалдык обьекти жабыркаган. Ал эми 4 унаа өтүүчү көпүрө сел алуу коркунучунда турат.

Ал ошондой эле, учурда бардык зарыл атайын техника жыйналып, ӨКМ жана жергиликтүү калктан кеминде 200 адам ишке тартылганын билдирди.

Жабыркаган аймактарда электр жарыгын кошуу, жолдорду тазалоо, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев калыбына келтирүү иштерин ыкчам аткарууну, ошондой эле алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышынан калкты коргоо чараларын көрүүнү тапшырды.

«Кыска мөөнөттө суунун деңгээлинин жогорулоо коркунучу бар бардык райондордо мониторинг жүргүзүү керек. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жээктерди бекемдөө иштерин кыйла жигердүү аткарып, калк арасында турак жайды камсыздандыруунун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү зарыл. Бул жарандарга жаратылыш кырсыктарынан келтирилген зыянды калыбына келтирүүдө кыйла таасирдүү, даректүү жардам алууну шарттайт», – деп баса белгиледи Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

 

Бөлүшүү