Өкмөт башчы Москвада жол кырсыгынан жабыркагандарды реабилитациядан өтүүгө КРге чакырды

Автор -
230

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, бүгүн, 18-июнда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Ишемби, 16-июнда, Москва шаарынын борборунда биздин мекендешибиз, Кыргыз Республикасынын жараны Чыңгыз Анарбек уулу унаа менен жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен. Жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен бир нече адам, анын ичинде футбол күйөрмандары жабыркаган. Бул абдан өкүнүчтүү бирок, атайын жасалган жок», — деди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Россия Федерациясынын Ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушуусу пландалган жакынкы күндөрдөгү Россия Федерациясына жумушчу сапарында жабыркагандарды барып көрүүнү тапшырды.

«Бул окуя Россиянын аймагында иштеген биздин жарандарыбыз үчүн куугунтуктоолор жана кысым көрсөтүүлөр үчүн себеп болбошу керек. Бул кырсык. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жол кырсыгынан жабыркагандардан кечирим сурап, аларды Кыргыз Республикасына эс алууга жана реабилитациядан өтүүгө чакырууну өтүнөм. Бизде саламаттыкты калыбына келтирүү жана кызыктуу эс алуу үчүн мыкты шарттар бар. Биз жабыркагандардын учуу жана эс алуусун уюштуруу боюнча бардык чыгымдарын өзүбүзгө алууга даярбыз», – деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Анын менен бирге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрине Чыңгыз Анарбек уулу менен жолугушуп, ага квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү маселесин чечүүнү тапшырды.

 

Бөлүшүү