Өкмөт кылмыштарды каттоонун электрондук китебин ишке киргизди

Автор -

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин киргизүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Башкы прокуратуранын өкүлдөрү тарабынан «Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин» программалык камсыздоонун сынамык версиясы сунушталды.

Бул программалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы «АйТи-Сервис» Мамлекеттик мекемеси тарабынан соттук-укуктук реформадан келип чыккан ченемдерин тажрыйбалык имплементациялоого багытталган иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.

Бет ачардын жүрүшүндө тутумдун функционалдык мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.

Мындан тышкары кеңешмеде укук коргоо органдарынын ишмердигине «Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин» киргизүү боюнча мындан аркы аракеттер тууралуу маалымат угулду.

«Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин» бардык укук коргоо органдарында, ошондой эле прокуратура жана соттордо киргизүү күтүлүүдө.

Тутумдун башкы өзгөчөлүгү – арыз ээсинин реалдуу багытта  тутумдун QR-коду менен сканирлөө аркылуу өзүнүн арызынын статусун көзөмөлдөө мүмкүндүгү болуп саналат.

Белгилей кетсек, Кылмыштарды каттоонун электрондук китеби 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын жаңы Кылмыш Кодексинин жана Жоруктар жөнүндө кодексинин алкагындагы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүүнүн биринчи баскычы болуп саналат.

Кеңешмени жыйынтыктаган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ушул айда «Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин» Бишкек шаарында пилоттук киргизүүнү тапшырып, бул багытта кызыкдар бардык мамлекеттик органдардын аракеттерин координациялоо зарылдыгын көрсөттү.

Бөлүшүү