Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын башчылыгынан бошотулду

Автор -
0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы ээлеген кызматынан бошотулду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, анын ордуна Алмаз Оңолбеков дайындалды. Ал Бажы кызматында 1993-жылдан бери иштеп келет. Буга чейин ал «Түндүк» бажысынын башчысы болгон.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Кулматов  улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз