Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүү киргизилди

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 21-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — бюджеттик тармактагы мыйзамдарды өркүндөтүү, Бюджеттик кодекстеги карама-каршылыктарды жоюу, бюджет аралык мамилелердин принциптерин тактоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык базасынын туруктуулугун, бюджеттик процесстин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү