Кыргызстан алтын корун көбөйтөт

Автор -
251

«Bloomberg» каналынын веб-сайтына «Азиядагы эң чакан өлкө дүйнөлүк соода согушуна алтынды калкан кылууда» деген макала жарыяланды.

Анда Орусия менен Кытайдагы валюта базарындагы туруксуздуктун таасиринен коргоо үчүн Кыргызстан эл аралык резервдеги үлүшүн 16 пайыздан 50 пайызга чейин көбөйтүп, 2 миллиард долларга жеткирүүгө ниеттенип жатканы жазылган.

«Оюн эрежелери алмашты. Азыр биздин резервде кайсы валюта болбосун, баары бир дүйнөлүк соода согушунун таасири тиет. Доллар, юань же рублга карабай, алтынды көбөйтүшүбүз керек», — деп билдирген Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов басылмага берген маегинде.

Алтын боюнча дүйнөлүк кеңештин маалыматына караганда, мындай саясат Кыргызстандагы алтын запасын пайыздык катыштан караганда, Орусия жана экономикасы кыйла өнүккөн Түркия менен Индиянын деңгээлине жакындатат. АКШ менен Германия резервинин 70% алтын менен сактайт.

Абдыгуловдун айтымында, Кыргызстан баалуу металлды азыркыдан да көбүрөөк каза алат. 2017-жылкы эсеп боюнча канадалык «Centerra Gold» иштеткен алтын кениндеги жалпы өндүрүш 3,4 миллиард долларга бааланган. Абдыгулов кызмат мөөнөтү бүткүчө, башкача айтканда 2024-жылга чейин казынадагы алтындын запасын көбөйтүүнү максат кылаарын айткан.

«Алтынды каалаган учурда керектүү валютага алмаштырса болот. Кудай бизге абдан көп кен байлыкты берген экен. Андыктан аны сарамжал колдонуу абзел», — деп билдирген Абдыгулов.

Бөлүшүү