Кыргызстанда бир жылда 1500 кылмыштын бети ачылып, 14 тонна баӊгизат алынды

Автор -
756

2017-жылы баӊгизатка каршы күрөштүн алкагында 1,5 миңдей кылмыштын бети ачылып, ал операциялар учурунда 14 тонна баӊгизат алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынан  билдиришти.

Алынган заттын бир тоннадан ашыгыраагын кара куурай (марихуана), 200 килограммын гашиш жана 74 килограммын героин түзөт. Баӊгизаттын баары жок кылынган.

Мыйзамсыз баӊгизат ташыган топтордун арасында катардагы жарандар, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, укук коргоо, күч органдарынын жана мамлекеттик структуралардын да кызматкерлери кармалган.

Алардын ичинен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 7 килограммдан ашык героин жана Ала-Бука райондук милициясынын башчысынын орун басары 5 килограммга жакын апийим менен колго түшкөн. Ошол эле кезде Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери өздөрү да баңгизат менен кармалган учурлар болгон.

 

Бөлүшүү