Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн келип түшкөн каражаттар үчүн атайы эсеп ачылууда

Автор -
372

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акчалай каражаттарды топтоо үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

«Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтом Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган процедураларды эске алуу менен кабыл алынган.

Документке ылайык, эсеп казналык тутумда акчалай каражаттарды эсепке алуу жана топтоо үчүн ачылат.

Жаңы процедурага жараша, мамлекетке келтирилген зыянды кайтаруудан түшкөн каражаттар атайы эсепте топтолуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде гана бөлүштүрүлөт.

Белгилей кетсек, мындай механизм көрсөтүлгөн акчалай каражаттарды эсепке алуу жана бөлүштүрүү натыйжалуулугун жогорулатууну, коомдун жана мамлекеттин актуалдуу муктаждыктарын эске алуу менен аны даректүү пайдалануу мүмкүндүгүн, ошондой эле антикоррупциялык механизмдерди каржылоонун сапаттуу жакшыруусун камсыздайт.

Бөлүшүү