Кыргызстанда өзбек мигранттары көбөйүүдө

Автор -
235

Кыргызстанга келип эмгектенип жаткан өзбекстандык мигранттар көбөйдү. Бирок алардын так саны анык эмес. Мамлекеттик миграция кызматы Кыргызстандын аймагында иштеп жүргөн өзбекстандык эмгек мигранттарын мыйзамга ылайык иштөөгө чакырып, тиешелүү мыйзамдар бузулса алар айып тартаарын эскертип жатат.

Эки өлкөнүн чек арасы аркылуу эркин каттоого уруксат берилгенден бери Кыргызстанга келип, курулуш, дыйканчылык иштерине жалданып иштеген өзбекстандыктар көбөйдү. Чек аралаш Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында иштеп жүргөн өзбекстандык жумушчуларды иш берүүчүлөр арзан акысы жана сапаттуу иши үчүн баалашат.

Ушул тапта Жалал-Абаддагы пахта талааларында өзбекстандык кыз-келиндер иштеп атышат. Жергиликтүү дыйкандар алардын бир күндүк жумушуна 250-300 сомдон акы төлөйт. Мигранттар кимдин талаасында эмгектенсе, ошонун үйүндө жашайт. Тамак-ашы да үй ээсинин мойнунда.

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарындагы жеке курулуштарда акча таап жургөн өзбекстандык жигиттерди да оңой табасыз. Бишкектеги көп кабатуу үйлөрдү курган өзбекстандыктар да көбөйгөнү байкалат. Ноокат районунун тургуну, короосундагы сарайын өзбекстандык усталарга салдырып жаткан Сайдулла Керимов «өкмөт бул боюнча элге маалымат бериши керек» деп эсептейт.

«Өзбекстандыктар өзүбүздөгү усталарга караганда арзаныраак иштешет. Алар келип каттоого турууга милдеттүү экенин билет элек. Бирок жумушка уруксат алышы керек экенин билчү эмеспиз. Мамлекет муну элге жакшылап түшүндүрсө жакшы болмок.

Ал арада мигранттарды иштетип жаткандар текшерилип, айыппул төлөөгө милдеттендириле баштаганын Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунун тургундары кабарлашты. Мыйзамга ылайык, Өзбекстандын жараны Кыргызстанда беш күн ичинде каттоого турушу керек. Антпесе 10 миң сом айыппулга жыгылат. Экинчи ирет ошол эле көрүнүш кайталанса, депортацияланат.

Мигрантты иштетип жаткан адам Миграция кызматына кайрылып, жумушка уруксат берүүчү кагаз алууга тийиш. Тышкы жана Ички иштер министрликтеринин, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссия «Мигрант өлкөгө зыян тийгизбейби?» деп бир нече критерийлер менен карап чыккан соң эки жума ичинде уруксат кагазын берет же баш тартат»,-деп билдирди  Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев .

Уруксат кагазы мигрант кыргызстандык жарандардын жумуш ордун талашпаса гана берилет. Уруксат кагазы жок иштеген мигрантка 10 миң сом айып салынат. Аны иштетип жаткан кыргыз жаранына «мыйзамсыз миграцияны колдонгон» деп кылмыш иши ачылат.

 

Бөлүшүү