Кыргызстандык режиссердун дебюттук тасмасы Германияда көрсөтүлөт

Автор -
268

Режиссёр Аскар Нуракун уулунун дебюттук  «Киноман» аттуу кыска метраждуу тасмасы эл аралык балдар «Mo&Friese» сынагына катышат. Бул тууралуу тасманын продюсери Чолпон Идрисова билдирди.

Аталган сынак Германиянын Гамбург шаарында 3-июндан 10-июнга чейин өткөрүлөт. Кинофорум 1998-жылы негизделип, 4 жаштан 14 жашка чейинки балдарга жана жаштарга арналган тасмаларга сынак жарыялап келет.

Фильм «Айтыш Фильм» киностудиясы менен КТУ «Манас» университетинин бирдикте тарткан эмгеги болуп саналат.  Тасмада кино көрөйүн деген аракети ишке ашпай калган баланын окуясы чагылдырылган. Кино көрүүгө кирбей калган кичинекей кино сүйүүчү тааныш болгон тасмалардын үнүн угуп гана тим болот. Бирок киного болгон кызыгуусу күч болгон бала аягында каалаган максатына жетет.

«Режиссёр Аскар Нуракун уулунун «Киноман» тасмасы Польшанын Краков шаарында өткөн «Etiuda&Anima» студенттик тасмалардын эл аралык кинофестивалында «Киного болгон сүйүүнү сөз жок чагылдырып берген эң мыкты окуя» деген калыстар тобунун ардактуу дипломуна ээ болгон. Ошондой эле Швецияда өткөн балдар жана жаштар киносунун фестивалына катышкан. Ал эми Түркиянын Кайсери шаарында өткөн фестивалда «Калыстардын атайын белегине» ээ болсо, Грузияда өткөн сынакта биринчи орунду багындырган»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, биздин редакция Аскар Нуракун уулу менен экслюзивдүү маек курган.

 

 

Бөлүшүү