Кытай инвесторлору Кыргызстанда индустриалдык парк ачуу үчүн $150 млн жумшоого даяр

Автор -
291

Кытайдын Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоочу материалдарды өндүрүүчүлөр ассоциациясы Кыргызстанда эл аралык индустриалдык парк ачууга кызыктар. Инвесторлор долбоорго 150 миллион доллар салууга даяр.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов менен Гуандундагы курулуш ассоциациясынын төрайымы Фан Лань июлдун башында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан.

Маалыматтарга караганда, өлкө аймагында курулуш материалдарын, эмерек, электроника жана тиричилик техникаларын өндүрүүнү илгерилетүү үчүн аянтча түзүү пландалууда.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрага орун басары Алымбек Орозбеков 12-июлда индустриалдык парктын долбоору тууралуу кененирээк маалыматтар августун ортосунда кытай инвесторлору менен жолугушууда белгилүү болорун айтты. Орозбеков өлкө өнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорго муктаж деп эсептейт.

Индустриалдык парк –бир нече көз карандысыз ишканалардын ишмердүүлүгүн камтыган өндүрүш аянтчасы болуп эсептелет.

Бөлүшүү