Лейлекте селден турак жайлары жабыркагандар чатырларга жайгаштырылууда (ФОТО)

Автор -
492

Баткен облусунун Лейлек районунда 2018-жылдын 9-10-11-июнь күндөрү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак, Бешкент  жана Маргун айыл аймактарында сел жүргөн.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жалпы Лейлек району боюнча 16 турак үйгө сел суулары кирип, 120 турак үйдүн жер тилкелерин, 27 чакырым ички чарбалык жолдорду, 5,7 чакырым ички чарбалык арыктарды, 1 чакырым суу түтүктөрүн, 370 метр дамбаны, 6 даана ички чарбалык көпүрөнү, 4 даана электр мамычасын сел суулары каптаган. Ошондой эле 21 баш ири мүйүздүү малдарды сел суусу агызып кеткен.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өзү жетекчилик кылып, КР ӨКМнин 3-издөө-куткаруу отрядынан 53 куткаруучу, 1-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 14 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 100 адам, айыл аймактардан 4 экскаватор, 3 жүктөгүч, 2 самосвал тартылган.

Селдин кесепетинен турак жайлары жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү максатында, КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун тапшырмасы менен жеткирилген 10 орундуу 8 даана чатыр Катраң айылынын Таш-Коргон тилкесине тигилип колдонууга берилип, гуманитардык жардамдар таратылды.

11-июнь күнү Лейлек айыл аймагынын Кара-Суу айылында 5 турак үй, Катраң айыл аймагынын Катраң айылында 6 турак үй, 3 турак үйдүн короо сарайлары, 400 метр ички чарбалык унаа жол, Сумбула айыл аймагынын Көк-Таш айылында 15,5 чакырым ички чарбалык унаа жол, Андарак айылында 1,1 чакырым ички чарбалык унаа жолу жана Бешкент айыл аймагынын Лайли айылында 50 метр ички чарбалык унаа жол жана 75 метр ички чарбалык арыктар сел калдыктарынан толугу менен тазаланган.

Кеч киргендигине байланыштуу селдин калдыктарын тазалоо иштери саат 19:30да убактылуу токтотулуп, куткаруучулар Катраң айылындагы чайканада түнөп калышты, 12-июнь күнү иш-чаралар улантылат.

Эскерте кетсек, Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким — райондук Жарандык коргонуу башчысынын 2018-жылдын 10-июнь күнү № 2/105 буйругунун негизинде Лейлек районунун аймагына “өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

 

Бөлүшүү