Өлкөдө 15-майдан тарта жалпы республикалык тестирлөө башталды

Автор -
304

Бүгүн, 15-майда жалпы республикалык тестирлөө башталды.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиргендей, жалпысынан өлкө боюнча 120 тест берүүчү борбор ачылган.

«Тестирлөөнүн жылдагыдан өзгөчө эрежелери деле жок. Каттоодон 43 миңге жакын абитуриент өткөн. Ал эми кечигип калган абитуриенттер 17-майда тест берүү борборлорунан каттоодон өтүп, тестке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат», — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 62 миң окуучу мектепти аяктайт. Ал эми ЖРТ 2012-жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө жогорку окуу жайга тапшыруучулар үчүн милдеттүү болуп келет.

Бөлүшүү