Өлкөдөн 10 жаштагы кызды алып чыгууга аракет кылган Испаниянын жараны кармалды

Автор -

Кыргызстандан 10 жаштагы кызды алып чыгууга аракет кылган Испаниянын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Документтерди текшерүү маалында Испаниянын 1968-жылкы S.C.F., аттуу жараны шек жараткан. Териштирүү учурунда кыздын энеси анын жоголуп кеткендигин айтып, мурда укук коргоо органдарына арыз жазгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

 

Бөлүшүү