Майрамдан кийин «Ала-Тоо» аянты менен Жеңиш аянтынан 10 тонна таштанды чыкты

Автор -
212

Бишкек шаарында Жеңиш майрамы белгиленгенден кийин «Ала-Тоо» аянты менен Жеңиш аянтынан 10 тонна таштанды чыгарылды.

«Тазалык» ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, таштанды тазалоого 11 даана атайын техника ошондой эле эки аянтта 112 даана жүктөгүч менен кызматкерлер нөөмөттө турушкан.

«Таң эртеден түңкү саат экиге чейин майрамдык иш-чаралар өткөн көчөлөр да тазаланып, иретке келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата Бишкек шаарында «Өлбөс полк» жөө жүрүшү өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков дагы катышкан.

Бөлүшүү