Мамдума пенсия курагын көтөрүүнү биринчи окууда жактырды (Видео)

Автор -

Орусиянын Мамлекеттик Думасы пенсия курагын көтөрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ага ылайык, аялдар 55 жаштын ордуна 63 жаштан, эркектер 60 жаштын ордуна 65 жаштан пенсияга чыгып калышат.

«Бул мыйзам долбоорунда биринчи кезекте иштебеген пенсионерлердин камсыздандырылган пенсиясын жогорулатуу жана аларды сактоо каралган», — деди документти тааныштырган өлкөнүн эмгек жана социалдык коргоо министри Максим Топилин.

Бир нече депутат пенсия реформасын кароону кийинкиге жылдырууну сунуштап, бирок кесиптештеринин колдоосуна ээ боло алышкан жок.

Маалыматка караганда, мыйзам долбоорун бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынан жалгыз депутат Наталья Поклонская гана колдогон жок, деп жазды «Ведомости» басылмасы.

Кечээ пенсиялык реформага нааразылык билдирип, Мамлекеттик Думанын имаратынын алдына эки жүзгө жакын адам чыккан.

Орусия өкмөтү өлкөдө пенсия курагын көтөрүүнү 14-июнда сунуштаган.

«Левада-Борбордун» акыркы сурамжылоосуна ылайык, эркектер үчүн пенсия курагынын көтөрүлүшүнө орусиялыктардын 89%, аялдар үчүн 90% каршы.

Бөлүшүү