Матраимов менен Исаковдун соту 10-майга жылдырылды

Автор -
241

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раим Матраимовдун кыргыз өкмөтүнүн үстүнөн жазган арызы боюнча сот отуруму 10-майга жылдырылды.

Бүгүн белгиленген соттук отурумга Раим Матраимовдун өкүлү Татьяна Карыжинская келди. Бирок экинчи тарап өкмөт менен Бажы кызматынан эч ким келген жок. Ушундан улам сот отуруму кийинкиге калтырылды.

20-апрелде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, өзүнүн кызматтан алынгандыгын мыйзамсыз аракет деп атап, өкмөттүн жана Бажы кызматынын үстүнөн арыз жазган.

Бөлүшүү