Муфтият карылар үйүнө 2018-жылдагы садака-битирден 50 миң сомдук жардам көрсөттү

Автор -

Муфтият Бишкек шаарындагы карылар үйүнө 2018-жылдагы садака-битирден 50 миң сомдук жардам көрсөттү.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде күн кечирип келген карыларга 2018-жылдагы садака-битирден 50 миң сомдук жардам көрсөттү.

Карылар үйүнүн жетекчиси Эркингүл Абдылдаеванын айтымында, учурда Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде 200дөй жаран жашап, алардын ден соолуктары дарыгерлердин көзөмөлүндө.

«Чындыгында мекемебизде абалы оорлор бар. Күндүн ысык аптабы дагы бир катар кыйынчылыктарды жаратууда. Сиздердин жыл сайын берген көмөгүңүздөргө абдан ыраазыбыз, себеби Муфтият бизге ар дайым колдоо көрсөтүп, жеңилибизди жерден, оорубузду колдон алып келет», — деди Эркингүл Абдылдаева.

Садака-битир таратуу иш чарасына КМДБнын бухгалтер-кассири Султан ажы Момунов катышып, карылар үйүндө кызмат кылган бардык кызматкерлерге ийгилик каалап, жараткандын бардык жакшылыктарын тиледи.

Бөлүшүү