Мушкер Абдылда уулу Бекболот эс алуучу жайдагы балдарды ур-токмокко алды (Видео)

Автор -
892

Ош шаардык милициясына 20-июнь күнү шаардын Петров кѳчѳсүндѳ жайгашкан эс алуучу борборлордун биринде мушташ болуп жаткандыгы тууралуу кабар түшкѳн. Оперативдүү тергѳѳ тобу окуя болгон жерге барган учурда жабырлануучулар белгисиз адамдар себепсиз токмоктошуп, из жашырып кетишкенин айтышкан.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, жабыркагандардын экѳѳнүн жаак сѳѳгү сынып, бирѳѳ жеңил жаракат алганы аныкталды. Андан көп узабай, 25-июнь күнү бул кылмышка 2 шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.

Шектүүнүн бири Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган тургуну Абдылда уулу Бекболот болсо, экинчиси — Ош шаарынын 1993-жылы туулган тургуну Ж.Р. Экинчи шектүү ИИМдин тизмесинде уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчѳсү катары каттоодо турганы да анык болду.

Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергѳѳ амалдары жүрүп жатат. Жабырлануучулардын жаракатын аныктоо үчүн атайын экспертиза дайындалган.

Бөлүшүү