Назарбаевдин Коопсуздук кеңешти өмүр бою башкаруусу Конституцияга шайкеш келет

Автор -

Казакстан Конституциялык кеңеши Нурсултан Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкаруу укугун берген мыйзам долбоорун Конституцияга шайкеш келет деп тапты. Бул тууралуу Конституциялык кеңештин расмий сайтында кабарланды.

19-июнда президент Нурсултан Назарбаев Конституциялык кеңеш төрагасын кабыл алып, мыйзамдар “Конституция эрежелерине жана нормаларына толук шайкеш келүүгө тийиш экенин” айткан.

Казакстандын жогорку палатасы – Сенат 31-майда президент Нурсултан Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөөгө укук берген мыйзам долбоорун кабыл алган. Мыйзам долбоору буга чейин Мажилисте да колдоо тапкан. “Казакстандын Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү” мыйзам долбооруна ылайык, Коопсуздук кеңешикеңеш берүүчү органдан конституциялык мекемеге айланат.

Ошондой эле Казакстандын туңгуч жана азырынча жалгыз президенти Нурсултан Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөөгө укук берилүүдө. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жаңы конституциялык мекеме улуттук коопсуздукту жана коргонууну гана камсыз кылбастан, “ички саясий туруктуулукту сактайт, конституциялык түзүлүштү жана эл аралык деңгээлде өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргойт” деп жазылган.

Бөлүшүү