Немис банктарында Түркмөнстандын 23 миллиард доллары сакталган

Автор -

Британиялык “The Economist” журналында жарыяланган макалага ылайык, Германия банктарында Түркмөнстанга таандык 23 миллиард доллар бар.

Материал » Түркмөнстан калктын жапырт эмиграциясын токтотуу үчүн өзгөчө ыкма ойлоп тапты» деген аталыш менен жарык көрдү. Анда Түркмөнстандагы экономикалык каатчылык, акча табуу үчүн өлкөсүн таштап, чет мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болгон түркмөн жарандары тууралуу айтылат.

Макала авторлору Германия банктарында Түркмөнстанга таандык 23 миллиард доллар акча бар экенин белгилешкен. Бирок Эл аралык эсеп боюнча банктын маалымат базасында бул каражаттардын ээлери кимдер экени, акча кайда сакталганы көрсөтүлгөн эмес.

2016-жылы августта түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Греманияга расмий сапар менен барган. Мындан тышкары “Түркмөнстан хроникасы” басылмасы flightradar24.com сайтына шилтеме жасоо менен июнда түркмөн лидери Германияга үч жолу учканын кабарлады.

“The Economist” Германия банктарында миллиарддаган доллар сакталганы менен Түркмөнстандын өзүндө экономикалык башаламандык өкүм сүрүп жатканын белгилейт. Анын натыйжасында өлкөдө эл аралык акча которууларга чектөө киргизилип, валюта алмаштыруу катуу көзөмөлдөнүүдө.

Бөлүшүү