Ноокенде атасы менен тойго келген 5 жаштагы кыз каналга түшүп кетти

Автор -
0

Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында 5 жаштагы кыз сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя кечээ, 27-июнда болжол менен саат 15:35тер чамасында болгон.

«Кызыл-Туу айылынын Орозбеков көчөсүнүн №34 үйгө тойго атасы менен кошо келген 2013-жылы туулган А. Н., аттуу кыз Достук каналынын жээгинде ойноп жатып, сууга түшүп чөгүп кеткен»,-деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшүп, кечки саат 21:00дө натыйжа болбогондуктан убактылуу издөө токтотулган. Бүгүн издөө иштери улантылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз