Оор кылмышка шектелген тажик жаранына кыргыз паспортунун берилиши иликтенүүдө

Автор -

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) криминалдык милиция кызматы өз өлкөсүндө оор кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Низомхон Жураев аттуу Тажикстандын жаранына кыргыз паспорту мыйзамсыз берилгенин аныктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлери ага эски үлгүдөгү (2004-жылдагы) паспорт берген. Кийин ал жаран 2017-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан жаңы үлгүдөгү паспорт алган.

Жураев былтыр Украинада кармалган. Ал Кыргызстандын паспортун башка ат менен алганы тергөөдө аныкталган. Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 18-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузактагы бөлүмүнүн А.А. аттуу башкы адиси кармалып, убактылуу кармоо жайына камалды.

ИИМдин тергөө кызматы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Ошол эле маалда Башкы прокуратура паспортту мыйзамсыз берген кызматкерлерге карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”, “Кыргызстан жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете документке Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү” беренелеринин негизинде иш козгоду.

Бөлүшүү