Орусияда 7 миң кыргызстандык “кара тизмеден” чыгарылды

Автор -

Орусияда жыл башынан бери жети миңден ашуун кыргызстандык “кара тизмеден” чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Орусияда мыйзам бузду деген 70 миңдей кыргыз жараны “кара тизмеде” кала берүүдө. Алардын 50 миңден ашыгы сотту чечими менен бул тизмеге илингени үчүн аларды андан чыгаруу кыйын болорун министр эскертти.

2013-жылы Орусиянын бийлиги миграция мыйзамдарын бузган чет элдик жарандардын тизмесин түзгөн. Ага жазылган жарандар өлкөгө кайра киргизилбейт.

Бүгүнкү күнү Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын расмий саны 640 миң адам. Бул жалпысынан чет жакта иштеген мекендештердин 88% түзөт. Бирок иш жүзүндө мигранттардын саны мындан көп экени айтылып келет.

Бөлүшүү