Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгынан 26 жаштагы жигит сууга агып кетти

Автор -
301

Чүй облусунун Жайыл районундагы Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылйык, унаа жолдун 105-чакырымында “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, Кара-Балта суусуна түшүп кеткен. Кырсык болгон жерде 1992-жылкы А.у.С. аттуу жаран сууга агып кеткен.

«Окуя болгон жерге барган ӨКМдин куткаруучулары сууга аккан жаранды издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок азырынча натыйжа жок. Жалпысынан издөө иштерине 5 куткаруучу тартылган»,-деп айтылат маалыматта.

 

 

Бөлүшүү